Сүрөт ачык булактардан алынды
29 сентябрь
Туризм Кыргызстанга жарым жылда 34 млрд сом киреше алып келди
Кыргызстандын туризм тармагында 2026-жылдын январь–июнь айларында түзүлгөн дүң кошумча нарк алдын ала эсептөөлөр боюнча 34 млрд сомду түздү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, туризмдин өлкөнүн ички дүң продукциясындагы үлүшү 3,6% болду.
Бир жыл мурда да бул көрсөткүч 3,6% түзгөн.
1-июлга карата өлкөдө ишмердүүлүгү туризм тармагына байланышкан 158,2 миң чарба жүргүзүүчү субъект катталган.
Алардын катарына туристтик товарларды өндүрүп жана саткан ишканалар, туристтик-экскурсиялык кызмат көрсөтүүчү уюмдар, ресторандар, мейманканалар жана башка жайгаштыруу каражаттары, эс алуу жана көңүл ачуу жайлары, жаратылыш парктары, коруктар, альпинисттик лагерлер жана транспорттук ишканалар кирет.
