Мамлекеттик ипотека: 50 пайызын алдын ала төлөөчүлөргө бир гана шарт коюлат
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз байланышка чыгып, коомчулукка мамлекеттик ипотека тууралуу маалымат берди.
Эске салсак, жакында Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Тилек Жээмбаев курулуп жаткан үйлөрдү чарчы метри ар башка баада тураарын жана ал алган тараптын мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталаарын айткан. Мисалы, “Ынтымак” турак жай комплексинде чарчы метр 1400 долларга чейин жетет. Бул депутаттардын нааразычылыгын жараткан. Алар мамлекеттик ипотека жеке менчик компаниялардан айырмасы жок болуп баратканын белгилешкен.
Каныбек Туманбаевдин айтымында, Кыргызстанда бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 65 миңге жакын батир курулуп жатат.
«Социалдык негизде 25 жылга үй алып жаткандарга батирдин чарчы метри 650 доллардан эсептелген. 25 жылдын ичинде ал алган жаран үйдүн акчасынан толук кандуу кутулуп бүтүшү керек. Бир нерсени эске алууга тийиш, 25 жылда инфляция болуп кетиши мүмкүн, доллардын курсу өзгөрүп турат, балким ал убакта азыркыдан да бийик болушу ыктымал.
Ал эми 50 пайызын алдын ала төлөө шарты МинКаб тарабынан мигранттарга, соода-сатыкта жүргөн жарандарга ылайыкталып чыгарылган. Алар 50 пайызын алдын ала төлөшөт дагы, калган сумма 15 жылга бөлүнөт», – деди Туманбаев.
Ал белгилегендей, батирлердин баасы ар кандай, бул геолокацияга байланыштуу. Ошол эле убакта Президенттик Иш башкармалыгынын жетекчиси жеке компаниялар ремонту жасалбаган батирлердин чарчы метрин 1500-2000 доллардан сатып жатышканын эске салды. Ал эми МИК батирлерди ремонту менен тапшырат.
Туманбаев 50 пайызын алдын ала төлөө менен батир алгысы келгендерге бир гана шарт бардыгын белгиледи, ал: акыркы 3 жылда ал жарандын каттоосунда эч кандай үй жана жер болбошу керек. Ал эми автоунаа эсепке кирбейт.
