Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти. Коштоп кеткендер
23 октябрь

Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга жөнөп кетти. Коштоп кеткендер

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстан Республикасына (Казань шаары) жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Боконтаев.

Эскерте кетсек, алдыдагы саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.