Бишкек шаары Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын кандай белгилейт
2025-жылдын 9-май күнү саат 09:00дө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүүгө арналган «Өлбөс полк» аттуу аскер-патриоттук жүрүш Д.Асанов атындагы паркынан башталып, Жукеев-Пудовкин/Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтүп, Жеңиш аянтындагы «Өчпөс от» мемориалына чейин уланат. Бул учурда белгиленген көчөлөрдө убактылуу жол жабылат.
9-май күнү саат 10:00дө Жеңиш аянтында митинг-реквием өтүп, анын жүрүшүндө Өчпөс отко гүлчамбар коюу аземи, «аскер” кашасы тартууланып, саат 14:00гө чейин салтанаттуу концерт өткөрүлөт.
9-май күнү саат 17:00дөн 22:00гө чейин Ала-Тоо аянтында «Жеңиш ырлары» аттуу чоң концерт өтөт. Ага кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана Россиядан келген белгилүү артисттер катышат. Концерт программасы Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый хроникасы менен коштолуп, патриоттук рухтагы маданий көрсөтүүлөр сунушталат.
Бул чоң концерт Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен уюштурулуп, «Жеңиш 9/45» патриоттук кыймылы жана «Евразия» коомдук уюму менен биргеликте өткөрүлөт.
Түштөн баштап Ала-Тоо аянтында кыргыз жана орус элинин эрдик жолуна арналган интерактивдүү аянтчалар иштеп, курал-жарактар, аскердик кийимдер, жоокерлердин турмуш-тиричилик буюмдары көрсөтүлөт. Кечинде концертти дрон-шоунун таң калаарлык көрүнүшү жыйынтыктап, миңдеген жарыктар менен асманды жаркыратат. Бул жаңы доордун – өткөн муундун эрдигине болгон таазимдин символу болот.
Өткөрүлө турган иш-чараларга байланыштуу, Бишкек шаары боюнча МККБнын маалыматына ылайык, 8–9-май күндөрү төмөнкү көчөлөр убактылуу жабылат:
- Ибраимов көчөсү (Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин);
- Шопоков көчөсү (Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин);
- Чүй проспектиси (Курманжан Датка көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин).
Бишкек шаарынын мэриясы Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышууга чакырат.
«Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт».
Улуу Жеңиштин тарыхы биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт.
