Эми Кыргызстанда айлык акыны кечиктирген жумуш берүүчүлөргө катаал жаза каралат
3 апрель

Эми Кыргызстанда айлык акыны кечиктирген жумуш берүүчүлөргө катаал жаза каралат

Кыргызстанда жаңы Эмгек кодекси күчүнө кирди. Анда бир катар өзгөртүүлөр киргизилген, анын бири – кызматкерлерге айлык акыны төлөө тартиби жана айлык акы кечиктирилген шартта кызматкерлердин укугун коргоону күчөтүү. 

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, маяна кечиктирилген ар бир күн үчүн бирдиктүү пайыздык туум киргизилди жана айлык акыны өндүрүп алуунун эскирүү мөөнөтү белгиленди. 

Жаңы Эмгек кодексине ылайык, эми жумуш берүүчүлөр кызматкерлерине айлык акыны, эмгек өргүүгө төлөнүүчү акыны, жумуштан кетирүүдөгү төлөмдү жана башка төлөмдөрдү төлөөнү кечиктирсе, бир топ катаал финансылык жоопкерчиликке тартылышат. 

Кодексте айлык акы кечиктирилген сайын ар бир күн үчүн пайыздык туум көрсөтүлгөн. Эгерде айлык акы кармалса, жумуш берүүчү кызматкерине төлөнбөй жаткан сумманын 0,25 пайызын күн сайын төлөп турушу керек болот. 

«Туумдун бул пайызы эмгек акы, эмгек өргүү акысы, жумуштан бошогондо компенсация же кызматкерге тиешелүү башка каражаттар болобу, кечиктирилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө тиешелүү. Мурда туумдун пайызы ар кандай болгондуктан, бул белгилүү бир кыйынчылыктарды жараткан», – деп айтылат маалыматта. 

Андан сырткары кодексте айлык акыны өндүрүп алуудагы эскирүү мөөнөтү белгиленген. Бул жаңычылдык болуп эсептелинет. Эми кызматкер айлык акысын ала албай калса, үч жылдын ичинде сотко кайрыла алат. Үч жылдык мөөнөт кызматкерге эмгек келишими же мыйзам боюнча айлык төлөнүшү керек болгон күндөн тартып эсептелинет.