Бишкек: МККБ өспүрүмдүн автоунаа айдап жүргөнүн аныктады
28 октябрь

Бишкек: МККБ өспүрүмдүн автоунаа айдап жүргөнүн аныктады

2025-жылдын 20-октябрында социалдык тармактарда жаш өспүрүм бала Hyundai Palisade үлгүсүндөгү автоунааны айдап жүргөн видео тараган.

Бул боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын (МККБ) кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, өспүрүм аныкталды. Ата-энесине – автоунааны башкарууга уруксат бергени үчүн тиешелүү укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Өз балдарыңызга автоунаанын ачкычын бербеңиздер. Бир эле секунда сактыксыздык өмүргө баа болуусу мүмкүн.