Милиция кызматкерлери балдарга жаңы жылдык жылуулук жана кубаныч тартуулашты
26 декабрь

Милиция кызматкерлери балдарга жаңы жылдык жылуулук жана кубаныч тартуулашты

Жаңы жыл майрамынын алдында Нарын облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга өзгөчө көңүл буруп, аларды келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттукташты. Бул тууралуу КР ИИМден кабарлашты. 

Кызматкерлер Аяз ата жана Аяз кыздын кийимин кийип, балдардын үйлөрүнө барып, таттууларды жана белектерди тапшырып, майрамдык шаңдуу маанай тартуулашты. Балдардын жүзүндөгү кубаныч, жылмаюу жана таза сезимдер майрамдын чыныгы маңызын маанисин ачып турду.

Өз кезегинде балдардын ата-энелери мындай көңүл бурууга жана камкордукка терең ыраазычылык билдирип, кызматкерлерге жылуу каалоо-тилектерин айтышты.

Мындай кайрымдуулук иш-чаралары коомдо боорукерликти, адамгерчиликти жана өз ара ынтымакты чыңдоого өбөлгө түзөт.