Транс улуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду: 500 кгга жакын прекурсор алынган
31 май

Транс улуттук кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду: 500 кгга жакын прекурсор алынган

2025-жылдын 7-майында ИИМдин БМЖКККсынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына чет элдик жарандын өлкө аймагында ири өлчөмдө прекурсорлорду мыйзамсыз сактоо, ташуу жана сатуу фактыларына тиешеси бар экени боюнча ыкчам маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иш-чаралары башталган.

2025-жылдын 27-май күнү атайын операциянын жүрүшүндө шектүү жаран 500 кг жакын күкүрт кислотасын 80 000 сомго сатып жаткан учурда кармалган. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 482 кг 5 грамм болгон күкүрт кислотасы экени тастыкталды.

Кармалган жарандар:

Ош облусунун тургуну, 1965-жылы туулган А.Э.А., чет өлкөлүк жарандар 1974-жылы туулган М.Г.М., 1978-жылы туулган Р.И.Ш.

Шектүүлөрдүн бири өз көрсөтмөсүндө кылмыштуу шериктеринин бар экенин билдирген. Алардын өздүктөрү Ош областынын тургундары 1997-ж.т М. уулу М., 2003-ж.т Т. А. Ж., 1995-ж.т А.К.А., 1997-ж.т М. Б. Ш. экендиги такталып тергоого камсыз болуп тийиштуу тергөө амалдары улантылууда.

Учурда кармалган жарандар Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөөнүн алкагында бул кылмыштуу топтун башка аракеттери да иликтенүүдө.