Жол активдерин башкаруу системасы боюнча окуу курсу өттү
31 май

Жол активдерин башкаруу системасы боюнча окуу курсу өттү

2025-жылдын 19-30-май күндөрү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде (КМТУ) жол активдерин башкаруу системасына арналган окуу курсу өткөрүлдү. Бул курс Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин процесстерине заманбап жол активдерин башкаруу системасын киргизүүгө жана анын туруктуулугун камсыздоого багытталган Долбоордун алкагында уюштурулду. Долбоор Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан БАРЭК коридорлору 1 жана 3 бириктирүүчү жол Долбоорунун (2-фаза) кошумча каржылоо келишиминин алкагында колдоого алынган.

Курстун негизги максаты – жол активдерин башкаруу боюнча заманбап билимдерге ээ болгон, бул системаны билим берүү программаларына жана иш жүзүндөгү практикага киргизүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо болуп саналат.

Окуу курсун Roughton International Ltd компаниясынын жол активдерин башкаруу боюнча эл аралык адиси Пайослин Сэмюэл алып барды. Иш-чарага КМТУнун санариптештирүү боюнча проректору Н. Маданбеков, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу мекеме-ишканалардын адистери катышты.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жол активдерин башкаруу системасынын теориялык негиздери, маалымат чогултуу, активдерди инвентаризациялоо жана баалоо, ошондой эле стратегиялык пландоо тууралуу кеңири маалымат алышты.

Практикалык сабактар подряддык уюмдун атайын жабдылган тесттик лабораториясында өткөрүлүп, катышуучулар асфальт-бетон жабуусунун сапатын аныктоо, жолдун тыгыздыгын жана калыңдыгын өлчөө, материалдардын лабораториялык анализдерин жүргүзүү боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Катышуучулар бул ыкмаларды учурдагы окуу курстары жана кызматтык ишмердүүлүктө пайдаланууга даяр экендиктерин билдиришти.