Аксы жана Ноокен районунун аймагына жаңы 10 чакырым аба чубалгы тартылды
Энергетика министрлигинин айыл аймактардагы калктын электр энергиясынын сапатын жакшыртуу боюнча тапшырмасына ылайык, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын Жалал-Абад ЭТИ 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин жыйынтыктоонун алдында турат.
Жалал -Абад ЭТИнин Таш-Көмүр РЭТи тарабынан 2025- жылга карата мерчемделип, жүргүзүлүп жаткан иштердин 98 пайызы аткарылды. Бул багытта энергетиктер тарабынан 2025- жылга мерчемделген жаңы 10,0 чакырым аба чубалгы курулду.
Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма жана Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагы жаңы конуштарга 1,45 чакырым жаңы аба чубалгы тартылды. Мында электр энергиясына болгон муктаждык бар болчу.
Ал эми Аксы районунун Жылкол, Ноокен районунун Ынтымак, Кызыл-Туу айылдарында жай мезгилинде сугат насостук станциялар иштеген учурда ашыкча жүктөм пайда болуп, аба чубалгыларга күч келчү. Бул көйгөйдү жоюу максатында 8,45 чакырым 6/10 кВ жаңы аба чубалгы орнотулду. Эми аталган айылдарда сугат мезгилинде энергия тартыштыгы жаралбайт.
Мындан тышкары, 3,8 чакырым 6/10–0,4 кВ аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн, 323 чакырым аба чубалгы техникалык кароодон, ал эми 205 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн жана кароодон өткөрүлдү.
Ошондой эле Аксы районунун Терс айылына 400 кВА, ал эми Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылына 250 кВА кубаттуулуктагы жаңы трансформаторлор орнотулду.
Таш-Көмүр РЭТи Аксы районунун Уч-Коргон айыл өкмөтүн, Ноокен районунун Бүргөндү жана Достук айыл өкмөттөрүн, ошондой эле Таш-Көмүр жана Шамалдуу-Сай шаарларын электр энергиясы менен камсыздайт.
Ишканада 87 кызматкер эмгектенет.
Бул иштер энергетиктер тарабынан калкка электр энергиясын туруктуу берүү жана сапатын жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад электр тармактар ишканасы керектөөчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө жана энергия жоготууларын азайтуу боюнча иштерди улантууда.
