Унаалар ортосундагы аралыкты так сактагыла! ӨКМдин эскертүүсү
11 октябрь

Унаалар ортосундагы аралыкты так сактагыла! ӨКМдин эскертүүсү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу бийик тоолуу аймактарда, ашууларда жол жүрүүчүлөргө, айдоочуларга бир катар сунуштарды берди. 

Алар:

  • унааңызды кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырыңыз;
  • алыскы жолго чыгууда дары-дармек, тамак-аш, суу, күрөкчө, дөңгөлөк чынжырчасын алыңыз;
  • унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактаңыз.

Кырсык катталган учурда «112» бирдиктүү номерине чалыңыз.