Ташиев “Альфа” атайын багыттагы кызматынын жаңы имаратын ачып, спорт комплексинин курулушуна капсула салды
Ушул жылдын 25-декабрында КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Альфа" атайын багыттагы кызматынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Комитеттен кабарлашкандай, иш-чарага УКМК жетекчилиги, аймактык бөлүмдөрдүн башчылары жана улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы К.Ташиев куттуктоо сөзүндө атайын күчтөрдүн кызматкерлеринин жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгүн, эрдигин жана Мекенге берилгендигин белгиледи:
Иш-чаранын расмий бөлүгү аякталгандан соң, Ташиев жаңы имараттын иштөө шарттары жана инфраструктурасы менен таанышып, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Аны менен катар, "Альфа" атайын багыттагы кызматы үчүн спорт комплексинин курулушуна капсула салуу аземи да өткөрүлдү. Аталган спорттук имарат жоокерлердин физикалык жана кесиптик машыгуу системасынын маанилүү бөлүгүнө айланып, алардын ден соолугун жана согуштук даярдыгын жакшыртууга жардам берет.
