12 миңден ашык кыргызстандык мүлкүн мыйзамдаштырды
12 октябрь

12 миңден ашык кыргызстандык мүлкүн мыйзамдаштырды

2023-жылдын 6-июнунда “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынып, жарандарга мүлктөрүн мыйзамдаштыруу күчүнө кирген күндөн тартып 12 айдын ичинде, 2024-жылдын 9 июнуна чейин легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн берилген.

Бирок жогорку активдүүлүккө жана жол-жобонун суроо-талаптарына байланыштуу мыйзамдаштыруу мөөнөтү киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылды.

Ушуну менен катар эми мүлктөрдү легалдаштыруу боюнча декларациялар мамлекеттик гана эмес, жеке нотариустар тарабынан да күбөлөндүрүлө алат, бул жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүгө алууга шарт түздү.

Документтерди мыйзам чегинде тариздөө укугу бар нотариустардын тизмеси менен Юстиция министрлигинин сайтынан же бул шилтемеден таанышууга болот - Басуу!

Учурда 12 миңден ашуун жаран атайын декларация тапшыруу менен мүлкүн мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүн колдонду.

Декларациялоо мөөнөтүн узартуу декларанттар үчүн шарттарды жакшыртууга, Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтүүгө, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтууга, ошондой эле активдердин сакталышынын кепилдигине жана алардын ээлерин мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоодон коргоого багытталган.