Чет элдиктер Бишкектин кайсы жерине каттаса болот?
12 октябрь

Чет элдиктер Бишкектин кайсы жерине каттаса болот?

2024-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарындагы Бакыт өргөөсүндө Чет элдик жарандарды каттоо борбору ачылды.

Борбордо төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  • • чет элдик жарандарды каттоо;
  • • Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу үчүн документтерди тариздөө;
  • • туруктуу жашоого документ алуу;
  • • "Мекен-карт" алууга документтерди тариздөө.

Борбор Бишкек шаарындагы Жумабеков көчөсү 121 дарегинде жайгашкан.