
Кыргызстанда ЖИ тармагында стартаптар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар - эксперт
Түрк мамлекеттер уюмунун жасалма интеллект боюнча форумунун алкагында «ЖИ ландшафты: инновацияларды кантип ишке киргизип, ЖИге инвестиция кылуу керек» темасында баяндама болду. Башкы баяндамачы MITдеги Мартин Траст ишкердик борборунан B2B технологиялары, рынокто позициялоо жана стратегиялык альянстар боюнча эксперт Надя Шалаби болду.
Өз сөзүндө Шалаби жасалма интеллекттин эволюциясы жөнүндө, алгачкы компьютерлерден тартып бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүүсү тууралуу айтып берди. Ал 2010-жылдан баштап ЖИ тез өнүгө баштаганын, өз алдынча тапшырмалар үчүн курал болуудан программалоонун жаңы негизине айланганын белгиледи. Бул бизнес үчүн инновациялар жана өсүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Шалаби ЖИ ишке ашыруунун бир нече деңгээлин бөлүп көрсөттү. Биринчи деңгээлде ЖИ белгилүү тапшырмаларды аткаруу үчүн колдонулат, ал эми төртүнчү деңгээлде глобалдык рынокко ийгиликтүү чыгарылган масштабдуу өнүмдөр түзүлөт.
Эксперт Кыргызстандагы учурдагы абалга өзгөчө көңүл бурду, жасалма интеллект чөйрөсүндө атаандаштыктын төмөн деңгээли стартаптар жана компаниялар үчүн чоң перспективаларды ачарын белгиледи.
«Бул өсүү жана өнүгүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат», – деп баса белгиледи Шалаби. Андан тышкары, ал ЖИди ишке киргизүүдө коопсуздуктун маанилүүлүгүнө, айрыкча маалыматтарды коргоо контекстинде, басым жасады, бул санариптик трансформациянын негизги аспектиси бойдон калууда.