Ош ОИИБ: Социалдык тармактардин бирине чыккан маалымат боюнча жооп
16 июль

Ош ОИИБ: Социалдык тармактардин бирине чыккан маалымат боюнча жооп

Кечээ, социалдык тармактардын бирине жашы жете элек бир туугандар зордукталганы боюнча тастыкталбаган маалымат чыккан. Бул маалымат Ош ОИИБи тарабынан текшерилип, аныкталган жагдайлар боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.

2024-жылдын 31-июль күнү Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1988-жылы туулган А.Н. арыз менен кайрылып, анын жашы жете элек эки баласын 2016-жылдын күз айынан 2019-жылга чейинки аралыкта Кара-Суу районундагы ата-энесинин үйүндө, бир тууган иниси 1994-жылы туулган А.Ф. ар кандай ыплас аракеттерди жасап жүргөндүгүн билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган.

Жаран А.Н.нын арызы 2024-жылдын 31-июлунда Сокулук РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталып, аймактык караштуулугу боюнча Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматына жиберилген.

Окуя боюнча туура, обьективдүү жана мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн жашы жете элек балдарга денесинен алган жараатын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертизасы дайындалган, экспертизанын корутундусуна ылайык аларга ыплас аракеттер жасалбаганы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшү менен 2024-жылдын 30-августунда аталган факты боюнча кылмыштын курамы далилденбегендиктен, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.