Талас облусунда беш жылда 70тен ашык социалдык объект курулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.
Мамлекет башчысына Бакай-Ата районунда негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы байкалып жатканы маалымдалды. Акыркы жылдары мамлекеттик бюджеттин көлөмүнүн, өндүрүлгөн продукциянын жана тартылган инвестициялардын өсүшү белгиленүүдө.
Бакай-Ата районунда калктын жашоо шарттарын социалдык-экономикалык жактан жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана экономикалык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча пландуу иштер жүргүзүлүүдө.
Райондо 26 социалдык объект курулган, анын ичинде 5 мектеп, 5 бала бакча, 7 футбол талаасы, 4 спорт зал, ошондой эле 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) бар.
Райондун экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү окуялардын бири төө буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ишке кириши болду. Долбоордун наркы 200 млн сомду түзөт.
Инженердик жана жол инфраструктурасын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулууда. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 42,2 км автомобиль жолу асфальтталды, 9 айылды камтыган 163 км узундуктагы таза ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлдү, 3 км тротуар курулду, 55 км узундуктагы көчө жарыктандыруусу орнотулду.
Ошондой эле бул райондо социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, коомдук жайларды көрктөндүрүү жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу иштери уланууда. Алсак, райондо Жоломан Ата атындагы парк кеңири реконструкцияланды. Долбоордун наркы 25 млн сомду түздү. Жаңылоо иштеринин алкагында парктын аймагы көрктөндүрүлүп, тургундардын ыңгайлуу эс алуусу үчүн шарттар түзүлүп, балдар оюн жана спорт аянтчалары жабдылды.
Билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Райондо жалпы 275 окуучуга ылайыкталган беш мектептин, ошондой эле 140 орундуу эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.
Андан ары Мамлекет башчысы Талас районунун жана Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.
Акыркы беш жылда аймакта негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн оң динамикасы байкалганы айтылды. Тактап айтканда, Талас районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү үч эседен ашык өсүп, тартылган инвестициялардын көлөмү төрт эсеге көбөйгөн.
Талас шаарында жергиликтүү бюджеттин көлөмү төрт эседен ашык, өнөр жай өндүрүшү эки эседен ашык көбөйүп, инвестициялардын көлөмү 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча күтүлүп жаткан 8,2 млрд сомго жеткен.
Социалдык инфраструктураны өнүктүрүүдө олуттуу натыйжаларга жетишилди. Талас районунда каралып жаткан мезгил аралыгында мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорттук объекттерди жана эс алуу парктарын камтыган 45 социалдык объект курулган. Талас шаарында 35 социалдык объект капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, беш жаңы объект курулган.
Шаарда ишке ашырылган ири долбоорлордун катарында “Баластан” балдар оюн-зоок борбору, “Баатырлар” борбордук паркы, жаңыланган борбордук аянт, “Акылман” президенттик лицейи, “Талас Арена” стадиону жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймактык филиалы бар. Ошондой эле Yutong үлгүсүндөгү 30 заманбап электробус сатып алынган.
Райондо билим берүү, медициналык жана спорттук инфраструктураны өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылып, жаңы өндүрүш ишканалары ачылган.
Учурда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу уланууда. Талас районунда кубаттуулугу 24 МВт болгон “Альянс” гидроэлектр станциясынын, ошондой эле туристтик инфраструктура объекттеринин курулушу жүрүп жатат. Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы наркы 4,6 млрд сомдон ашат.
