Болгарияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Илияна Йотова жеңишке жетти
Болгарияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Илияна Йотова жеңишке жетип, өлкөнүн тарыхында мамлекет башчылыгына шайланган алгачкы аял болду. Бул тууралуу Болгариянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.
Добуштарды саноонун 99,68% жыйынтыгы боюнча Илияна Йотова жана вице-президенттикке талапкер Кирилл Вылчев 57,66% добуш алган.
Ал эми алардын атаандаштары — премьер-министрдин мурдагы милдетин аткаруучу Андрей Гюров жана вице-президенттикке талапкер Георгий Кандев 39,38% добуш топтогон.
Андрей Гюров шайлоодогу жеңилгенин моюнга алып, жеңүүчүлөрдү куттуктады.
Шайлоого чейин Илияна Йотова Болгариянын президентинин милдетин аткарып келген. Буга чейин ал өлкөнүн вице-президенти кызматын ээлеген.
Президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 1-ноябрда өттү.
