Акылбек Жапаровдун Мюнхенге болгон жумуш сапары аяктады
11 октябрь

Акылбек Жапаровдун Мюнхенге болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Мюнхен шаарына (Германия Федеративдик Республикасы) болгон жумуш сапары аяктады. 

Сапардын алкагында минкаб төрагасы Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер жана Ландтаганын (парламенти) президенти Ильзе Айгнер менен жолугуп, алар менен эки тараптуу кызматташуунун келечегин талкуулады. 

Сапардын негизги окуясы Жапаровдун кыргыз-герман бизнес-форумуна жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү чогулган бизнес-кеңештин жыйынына катышуусу болду. 

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө айыл чарбасын өнүктүрүү, маалымат технологиялары, энергиянын кайра жаралуучу булактары, ошондой эле инвестициялык кызматташуу маселелери көтөрүлдү.  

Сапардын жыйынтыгында Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган маанилүү макулдашууларга жетишилди.  

Тараптар соода жана инвестициянын көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.   

Бизнес-форум эки өлкөнүн ишкерлеринин кызматташуусуна аянтча болуп калды, алар биргелешкен иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга кызыкдар экенин белгилешти.  

Сапардын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы мамилелерди ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн диалогду жана биргелешкен иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.