Эмгек министри Канат Сагынбаев БУУнунДүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен кызматташуунун жаңыбагыттарын талкуулады
28 октябрь

Эмгек министри Канат Сагынбаев БУУнунДүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен кызматташуунун жаңыбагыттарын талкуулады

Бүгүн, 28-октябрда,Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Кожиро Накай жетектеген БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП БУУ) делегациясы менен жолукту.

Министр ДАП өкүлдөрүнө көп жылдык өнөктөштүгүжана социалдык программаларды ишке ашыруудагы колдоосу үчүн ыраазычылыкбилдирди.

«Дүйнөлүк азык-түлүкпрограммасы биздин негизги өнөктөшүбүз жана донорубуз болуп саналат. Кызматташтык жылдарында ДАП миңдеген жарандарга жардам берип, 60 миң тоннаданашуун азык-түлүк берип, 166 миллион АКШ долларынан ашык көлөмдө колдоокөрсөттү», – деп белгиледи Сагынбаев.

Ал белгилегендей,2014–2027-жылдарга карата меморандумдар жана стратегиялык кызматташтык пландарынын алкагында жалпы суммасы 166,2 миллион АКШ долларын түзгөн долбоорлор ишке ашырылууда. Анын ичинде инфраструктуралык, билим берүү жанакиреше алып келүүчү демилгелер бар.

«ДАП мененбиргеликте “эмгек үчүн азык-түлүк” долбоорлорунун эффективдүү моделин ишке ашырдык. Акыркы 11 жыл ичинде 7 500дөнашык долбоор аткарылып, 50 миң жаран убактылуу жумуш менен камсыз болду, ал эмион миңдеген үй-бүлөлөр жаңы кесиптерди өздөштүрүштү», – деп баса белгиледи министр.

Сагынбаев ошондой эле сел, суу каптоо жана жаңжал сыяктуу өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыркагандарга ыкчам гуманитардык жардам көрсөтүүдө ДАПтын маанилүү ролун белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек менен камсыз кылуу, чакан бизнести өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу жана санарип чечимдерди киргизүү тармактарында кызматташуунун келечегин талкуулашты.

«Биз жарандардын кызыкчылыктарына толук жооп берген жана узак мөөнөттүү пайда алып келүүчү жаңы биргелешкен долбоорлорду пландаштырууга даярбыз», – деди министр.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өнөктөштүгү Кыргызстан элинин жашоо сапатын жакшыртууга жана социалдык коргоо системасын бекемдөөгө мындан ары да өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.