Жети-Өгүздө топоз уурдоо фактысы боюнча шектүүлөр кармалды
2025-жылдын 24-октябрында Жети-Өгүз РИИБге ыкчам маалымат келип түшкөн. Маалыматта Жети-Өгүз районунун Сырт өрөнүндө белгисиз адамдар топоз уурдап жүргөнү билдирилген.
Маалымат Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.
Ошондой эле, 25-октябрь күнү Жети-Өгүз РИИБге арыз менен Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 1987-жылы туулган тургуну А.К. кайрылган. Ал арызында, 2025-жылдын 24-октябрында саат 12:30 чамасында Жети-Өгүз районунун Сырт өрөнүнүн “Караколка” капчыгайындагы “Каз уя” жайлоосунан белгисиз 5 адам А.Кга тиешелүү 3 (үч) баш топозду атып, уурдап жаткан жеринен үстүнөн чыгып калган учурда, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкенин билдирген.
Натыйжада арыз ээси А.Кга 600 000 (алты жүз миң) сом материалдык чыгым келтирилген.
Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адамдар Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан жеринен Кумтөр-Барскоон автожолунун Сары-Мойнок постунан токтотулган. Шектүүлөр милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, качууга аракет кылышкан, бирок кармалышкан.
Алар Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 1989-жылы туулган тургуну Ч.К., Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну 1987-жылы туулган Е.Д., 2005-жылы туулган И.И., Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.С. жана Кызыл-Суу айылынын 2004-жылы туулган тургуну С.С. болуп чыккан.
Факт Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 205-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Алдын ала суракта шектүүлөр күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, райондук соттун чечими менен камакка алынган.
Тергөө амалдары уланууда.
