Көк-Ой – Кызыл-Туу – Күмбөз – Манас унаа жолуна асфальт төшөлдү
2025-жылдын титулдук планынын алкагында Талас облусундагы Көк-Ой – Кызыл-Туу – Күмбөз – Манас унаа жолунун 3 чакырымдык тилкесине асфальт төшөө иштери жүргүзүлүп, бүгүнкү күндө толугу менен аяктады.
Белгилей кетсек, аталган унаа жолдо буга чейин асфальт болгон эмес. Иштер №19 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды.
Эске салсак, 2024-жылы да аталган унаа жолдун 3 чакырымы асфальтталган. Унаа жолдун жалпы узундугу 8 чакырымды түзөт. Учурда анын 6 чакырымы асфальтталып, калган 2 чакырымды асфальттоо иштери кийинки жылга пландалууда.
