Чукул билдирүү! Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 5-6-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин,
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз -4° сууктан …+1° жылуулука чейин,
- Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук,
- Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5° жылуу,
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° сууктан …+4° жылуулука чейин,
- республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6° суук,
- бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөйт.
Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.