Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан ири суммадагы интернет алдамчылыгына шектүү адам кармалды
Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге Л.И.аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда, белгисиз адамдар, өздөрүн уюлдук компаниянын кызматкери катары тааныштырып, ишенимге кирүү жолу менен жаран Л.И.нин жалпы суммасы 6 500 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алышкан.
Аталган факт боюнча, Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн, ыкчам-техникалык жана издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 1989-жылы туулган М.А., аттуу шектүү аныкталып кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Белгилей кетсек, шектүүлөр, жабырлануучу Л.И ге өзүн банк жана уюлдук компаниялардын кызматкерлери тааныштырып, акча кражатттары коркунучта жана насыя алынып жатат деген ар кандай коркутуу жолу менен ишенинчине кирип кылмыштуу аракеттерин ишке ашырышкан.
