Өлкө башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эскертти: Аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн акчанын жарымын “жеп” койбогула
Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда президент Садыр Жапаров “бир аймакка көп, бир аймакка аз акча бөлүнүп жатат” деген сөздөрдү жокко чыгарды.
Ал Кыргызстандын ар бир аймагы, ар бир айылы мамлекет үчүн бирдей мааниге ээ экенин, ар бир аймак тең укуктуу өнүгүшү керектигин билдирди.
“Мындай сөздөр биздин ынтымагыбызды бөлүп-жаргысы келгендердин гана чыгарганы. Кыргызстан – бирдиктүү, бөлүнгүс өлкө. Бардык аймак бирдей экенине бир мисал, жыл сайын эгемендик майрамын ар башка облуста өткөрүү салты. 2026-жылы Таласта белгиленет”, – деди ал.
Ал акыркы жылдарда аймактарда социалдык объектилер, бала бакча, мектептер курулуп жатканын, инфраструктурасын өнүктүрүүгө басым жасалганын белгилеп, мамлекет мындан ары да аймактарга каражат бөлүүсүн уланта берээрин айтты.
Ошондой эле мамлекет башчы каражат бөлүүдөн дагы маанилүүсү – ошол каражаттын туура жумшалуусу болоорун билдирип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылды:
“Бөлүнгө каражаттын келечегин ойлоңуздар. Ар бир аймак жыйынтык көрсөтүүгө, дотациядан чыгууга тийишсиңер. Ар бир тыйын элге реалдуу пайда алып келиши керек. Бөлүнгөн акчанын жарымын “жеп” койбогула”.
