"Манас сууканал" башкармалыгы тарифтерди 20%га жогорулатууну сунушталды
"Манас сууканал" башкармалыгы жаңы кошулган аймактарга суу жана саркынды суу түтүктөрүн тартуу, жумушчулардын айлык акысын жогорулатуу (учурда жумушчулардын басымдуу бөлүгү 17-20 миң сом айлык акы алат) максатында суунун жана саркынды суунун төлөм тарифин жогорулатууну сунуштады.
Учурда шаар тургундары төмөндөгүдөй тариф менен төлөп келишет:
- Ичүүчү суунун 1 метр кубу – 12 сом 90 тыйын
- Саркынды суунун 1 метр кубу – 8 сом 60 тыйын.
Эгер сунуш кабыл алынса, жаңы тарифтер төмөнкүдөй болот:
- Ичүүчү суунун 1 метр кубу – 15 сом 48 тыйын.
- Саркынды суунун 1 метр кубу – 10 сом 32 тыйын.
Башкармалык түшкөн каражаттар толугу менен суу чарба тармагын өнүктүрүүгө жумшалаарын белгилейт.
