Алимент төлөөдөн качуу “пайдалуу” болбой калды: карызкор эркиндигинен ажырайт
28 октябрь

Алимент төлөөдөн качуу “пайдалуу” болбой калды: карызкор эркиндигинен ажырайт

Ушул жылдын июнь айында президент Садыр Жапаровдун алимент төлөөдөн качып жүргөндөрдүн жоопкерчилигин катаалдаштыруунун чараларын кароо боюнча жарлыгы чыккан. Анын негизинде жумушчу топ түзүлүп, мыйзам долбоору иштелип чыккан жана Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган.

Башкы прокуратурага караштуу сот аткаруучулар кызматынын директорунун орун басары Кубанычбек Капалов мыйзам долбооруна кандай өзгөрүүлөр киргизилгенин айтып берди.

“Укук бузуулар кодексинин 443-беренесине өзгөртүү киргизилип, карызкорлорду 3 суткадан 7 суткага чейин камакка алуу каралган. Кылмыш жаза кодексинин 178-беренесине киргизилген өзгөртүү боюнча дагы эркиндигинен ажыратуу белгиленген. Эң башкысы – 178-берене менен соттолгондорго пробация колдонулбайт”, – деди ал.

Капалов кошумчалагандай, сот аткаруучуларынын укуктарын кеңейтүү да каралган – алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен келишим түзүп, карызкорлорду жумушка орноштурууга аракет жасай алышат.

“Анткени алимент төлөөдө негизги көйгөй – карызкордун туруктуу жумушу жоктугу. Ошонун айынан ай сайын төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болуп калган учурлар кездешет”, – деди.

Ал белгилегендей, алимент төлөбөй чет өлкөгө чыгып кеткендерди, ошол өлкөдөгү жашаган жери тууралуу маалымат алышса, кармап келүү боюнча иш-чаралар уюштурулат.