Эмгекке жарамсыз жубайлардын бири экинчисинен кантип алимент өндүрө алат?
Жубайлардын бири эмгекке жарамсыз болуп калса, экинчиси ага алимент төлөөгө милдеттүү. Бул айрым учурда жубайлар чогуу жашап турганда эле, эки тараптык макулдашуунун негизинде ишке ашат.
“Мисалы, жубайлардын бири эмгекке жарамсыз болуп каражат жагынан кыйналганда, биринчи сотко кайрылбай туруп, жубайы экөө алименттин суммасын, төлөө ыкмасын жана мөөнөтүн белгилеп, келишим түзө алышат. Эгерде ич ара келишимге келе алышпаса, анда сотко кайрылышат”, – деди Башкы прокуратурага караштуу сот аткаруучулар кызматынын директорунун орун басары Кубанычбек Капалов.
