
Алай районунда “Бүлөлү” көмөк чордону курулууда
“КУЭТ” ААКтын каржылоосунда Ош облусуна караштуу Алай районунда 110/10 кВ “Бүлөлү” көмөк чордону курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет.
Азыркы учурда көмөк чордон курулуучу жерди даярдоо, контурду жасоо, электр жабдыктары менен комплектациялоо иштери жүрүп жатат.
Жогорку чыңалуудагы 2500 КВА кубаттуулуктагы трансформатор алынып келинип, курулуш иштерине керектелүүчү электр энергиясын пайдалануу үчүн 100 КВА трансформатор онотулду.
Мындан тышкары, куруу иштерине керектелүүчү жабдыктар менен толук камсыздалган.
Аталган көмөк чордон курулуп бүткөн соң 2000ден ашуун абонентти жарык менен камсыздайт жана Бүлөлү, Күң-Элек, Мурдаш, Кызыл-Коргон, Будалык, Кыркол айылдарынын чыңалуу боюнча көйгөйлөрү чечилет.
Көмөк чордон куруунун негизги максаты элге жарыкты сапаттуу, үзгүлтүксүз берүү жана техникалык жоготууну азайтуу болуп саналат.