Кадамжайда мунай зат өндүрүүчү жайдан чыккан өрт өчүрүлүүдө
28 октябрь

Кадамжайда мунай зат өндүрүүчү жайдан чыккан өрт өчүрүлүүдө

Кадамжайда мунай зат өндүрүүчү жайдан чыккан өрт өчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Бүргөндү айылында мунай зат өндүрүүчү жайдан өрт чыккан.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 09:47дөн тарта өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсептер жөнөтүлгөн. Учурда жеринде 4 күжүрмөн эсеп иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.