Капалов: Балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн арасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар
Алимент өндүрүү кантип ишке ашат? Бул суроого Башкы прокуратурага караштуу сот аткаруучулар кызматынын директорунун орун басары Кубанычбек Капалов “Биринчи радионун” түз эфиринде жооп берди.
Айтымында, алимент өндүрүү боюнча сот чечими чыккандан кийин ал сот аткаруучуларга жиберилет. Сот аткаруучулар бөлүнгөн аймагына жараша өндүрүү иштерин баштайт.
“Алар карызкорго билдирүү жөнөтүп, өз убагында төлөөнү, эгерде өз убагында төлөнбөсө, мыйзам жагынан кандай жоопкерчилик каралаарын эскертишет. Алимент балдарга 18 жашка чыкканга чейин төлөнөт. Эгерде бала 18 жаштан кийин да күндүзгү окуу бөлүмүндө билим алса, анда 21 жашына чейин узартылат”, – деди ал.
Белгилегендей, мындан тышкары Кыргызстанда учурда 100 миңге жакын ата-энелер балдарынан алимент алышат.
Капалов жашы жетпеген балдарына алимент төлөбөй жүргөндөрдүн 500 чактысы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер экенин кошумчалады.
