
Бишкек ЖЭБдин айланасында өрт-тактикалык машыгуулар өттү
Бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын техникалары менен биргеликте өрт-тактикалык машыгуулар өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө компаниянын кызматкерлери чыныгы өрткө жакын болгон өрттү өчүрүштү.
Белгилей кетсек, мындай машыгуулар жылына бир жолу өткөрүлүп, кооптуу кырдаал жаралган учурда ыктыярдуу өрт өчүрүүчүлөрдү психологиялык жактан даярдоо максатын көздөйт.