Ысык-Көлдө аттракциондор текшерилди
7 май

Ысык-Көлдө аттракциондор текшерилди

Ысык-Көлдө аттракциондорго пландар тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлдү, деп кабарлайт Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн негизиде актылар түзүлүп, эскертме барактар берилди.

«Контролдук текшерүү жүргүзүлүп, жалпы аттракцион ээсине КР Бузуулар кодексинин 434 беренесинин 1 пунктуна ылайык жалпы суммасы 13 000 сом айып пул салынды», – деп айтылат маалыматта.

Көзөмөл кызматынан кошумчалашкандай, жайкы туристик сезонго чейин аткарылбай калган бузуулар четтетилбесе, аттракциондорду пайдаланууга тыюу салынат.