Ош шаарынын мэри Жапалакты кыдырды
7 май

Ош шаарынын мэри Жапалакты кыдырды

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте кезектеги рейдди Жапалак айылында улантты. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мында шаар башчысы Жолон Мамытов атындагы аллеяда жүрүп жаткан иштерди көрүп чыгып, жумуштарды белгиленген мөөнөттө, сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.

Мэр ошондой эле, Кең-Сай жаңы конушун таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди көрдү. Учурда бул багытта узундугу 8 чакырым, диаметри 355 мм түзгөн эки ири суу түтүгү тартылып жатат.

Жеңишбек Токторбаев андан ары Ак-Тилек айлампасынан Жапалак айылынын чыга беришине чейинки аралыктагы жолду кеңейтүү жумуштары менен таанышып, тиешелүү кызматтарга асфальт төшөөгө даярдык көрүү иштеринин алкагында жасалуучу жумуштарга көмөк көрсөтүүнү милдеттендирди.

Рейддин жүрүшүнд  Жапалак айылында 60 жыл мурда жабылып, учурда рекультивация болуп жаткан көрүстөндө маркумдарга арналып куран окулуп, дуба кылынды.