ТИМ: Мексикада кыргызстандык жаран каза болду
7 май

ТИМ: Мексикада кыргызстандык жаран каза болду

Мехико шаарында (Мексика Кошмо Штаттары) Б.Р. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны каза болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал жүрөк жетишсиздигинен улам каза болгон.

Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга өз убагында жеткирүү жана анын жакындарына керектүү жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги маркумдун жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, бул маселени өзгөчө көзөмөлдө кармоодо.