
Жаргылчак айылында эскирген электр зымдары жаңыланууда
Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын курулуш-монтаждоо участогу кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылында 0,4/10 кВ электр зымдарын реконструкциялоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, реконструкциянын алкагында 5,1 чакырым 10/0,4 кВ чакырым эскирген алюминий зымдары жаңыланып, кубаттуулугу 160 кВА трансформатор орнотулду.
Ошону менен бирге 104 авариялык абалдагы эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылды.
Мындан сырткары, курулуш-монтаждоо участогунун кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусу боюнча 22 чакырым 10/0,4 кВ эскирген электр зымдары жаңыланды. Анын ичинен 7 чакырымы СИП зымдарына жаңыланды.
Жаңылоонун алкагында 331 эскирген жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмашылып, кубаттулуктары 250 кВА болгон 3 трансформатор орнотулду.