Кыргызстан менен Словения парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Словенияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Словениянын Мамлекеттик жыйынынын (парламентинин) төрайымы Уршка Клокочар Зупанчич менен жолугушту.
КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 16-октябрда Любляна өткөн.
Анын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Словения Республикасынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.
Парламенттердин өз ара аракеттенүүсү эки өлкө ортосундагы эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүдө жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодо маанилүү роль ойной турганы белгиленди.
Министр Жээнбек Кулубаев Словения тарабына 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган КР Жогорку Кеңешине шайлоолор тууралуу маалымат берди.
Ал өлкө жетекчилиги жана бардык саясий күчтөр улуттук мыйзамдарга жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык ачык, демократиялык жана атаандаштыкка негизделген шайлоолорду өткөрүүгө бекем берилгендигин өзгөчө белгиледи. Ошондой эле, ал жакынкы парламенттик шайлоолорго эл аралык байкоочу катары Словениянын өкүлдөрүн жөнөтүүнү сунуштады.
Өз кезегинде, Словения мамлекеттик жыйынынын Спикери Уршка Клокочар Зупанчич Кыргызстандагы парламенттик шайлоолордун ийгиликтүү өтүшүн каалап, бул жараяндын ачык-айкындыгын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал ошондой эле Словенияда парламенттик шайлоолор кийинки жылдын апрелинде пландалып жатканын маалымдады.
Тараптар эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо максатында саясий диалогду жана парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары да жигердүү улантууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле алар парламенттердин эл аралык бирикмелердин алкагындагы өз ара кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгилешти.
