Улуттук аралык кастыкты козутууга шектелген өспүрүмдөр милицияга жеткирилди
28 октябрь

Улуттук аралык кастыкты козутууга шектелген өспүрүмдөр милицияга жеткирилди

Кыргыз социалдык тармактарында өспүрүмдөр катышкан улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видео тараган.

Бул факты Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБнин маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын негизинде териштирүү иштери башталды.

ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 2006-жылы туулган жарандар Р.Н., И.Б., Т.А., О.Р. жана Б.К. аныкталып, райондук милициянын Тергөө кызматына жеткирилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча, бул окуяга тиешеси бар бардык адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кастыкты козутуу, трайбализмди жайылтуу жана улуттук же аймактык негиздеги ар кандай түрлөрү кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келүүчү аракеттер экендигин эскертет.