Шамалды-Сай шаарында жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу аяктады
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай шаарында 10 койкалуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, бул долбоор 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Тендердик баасы 21 млн сомду түздү.
Жаңы имарат заманбап санитардык жана курулуш стандарттарына ылайык салынды. Бөлүм жугуштуу оорулар менен жабыркаган бейтаптарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон медициналык жана техникалык жабдуулар менен толук камсыздалат.
Курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.
