Бишкектин айрым аймактарында 2-июнда таза суу жок болот. Карта
Бишкектин айрым аймактарында 2-июнда саат 10:00дөн 16:00гө чейин таза суу жок болот, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү району:
Жайыл Баатыр - Арча Бешик – Арашан - Санжыра - Муромский - Айни - Көпүрө Базар - И. Ахунбаев – Репин көчөлөрү менен чектешет
Диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкексууканал» МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

