Борбор калаада «Бишкек – Келечектин шаары» хакатону өтөт
22 октябрь

Борбор калаада «Бишкек – Келечектин шаары» хакатону өтөт

2024-жылдын 28-октябрынан 30-октябрына чейин Бишкек шаарында ЖОЖдордун жана ОРТУЖдардын студенттери арасында маалыматтык жана изилдөө долбоорлору боюнча «Бишкек – Келечектин шаары» хакатону өтөт.

Конкурс төмөнкү темалар боюнча өткөрүлөт:

•экология жана шаарды көрктөндүрүү;
•дени сак жашоо образы.

Конкурстун максаты – Бишкек шаарынын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу, экологиялык абалды жакшыртууга, шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана шаар тургундарынын дени сак жашоо образын колдоого жардам берүүчү санариптик чечимдерди түзүү.

Конкурстун милдеттери:

экология жана шаарды көрктөндүрүү:

  • Таштандыларды кайра иштетүү, абанын булганышын азайтуу жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн санариптик чечимдерди иштеп чыгуу.
  • Долбоорлор төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Таштанды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча тиркемелер.
  • Абанын сапатын жана анын ден соолукка тийгизген таасирин көзөмөлдөөчү системалар.
  • Навигацияны жакшыртуу, унаа токтотууларды башкаруу жана жол тыгындары менен күрөшүү боюнча программалар жана тиркемелер.

дени сак жашоо образы:

  • Шаар тургундарынын физикалык жана психикалык ден соолугун колдоо үчүн инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу.
  • Долбоорлор төмөнкүлөрдү камтыйт:
  • Саламаттыкты диагностикалоо жана көзөмөлдөө үчүн мобилдик тиркемелер.
  • Дени сак жашоо образын жайылтуу үчүн тиркемелер (мисалы, машыгуу программалары, активдүүлүктү көзөмөлдөөчү тиркемелер).
  • Дени сак жашоо образын колдоо үчүн виртуалдык кеңешчилерден сунуштар.

Иш-чаранын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаменти жана МУИТ.

«Бишкек – Келечектеги шаар» хакатонуна ЖОЖдордун жана ОРТУЖдардын студенттери, иштеп чыгуучулар, дизайнерлер жана шаарды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга кызыккан активисттер катыша алышат.

Конкурска катышуу үчүн 2024-жылдын 25-октябрына чейин онлайн форматта https://hackathon.makalabox.com/ шилтемеси аркылуу саат 00:00гө чейин арыз берүү керек.