Мэр Айбек Джунушалиев муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүнү тапшырды
25 апрель

Мэр Айбек Джунушалиев муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин айлыктарын көтөрүүнү тапшырды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бишкекжашылчарба» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын иши менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө борбор калаа башчысы шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын техниканын жана өздүк курамдын даярдыгын текшерди.

Ошондой эле «Тазалык» МИсине 32 заманбап атайын техниканы тапшыруу аземи өттү. Белгилей кетсек, жалпысынан 168 даана жаңы атайын техникалар келген.

«Кызматкерлерди өз убагында атайын сезондук кийимдер менен камсыз кылуу жана аларга ылайыктуу эмгек шарттарын түзүү маанилүү», – деп баса белгиледи мэр.

Айбек Джунушалиев «Бишкекжашылчарба», «Тазалык», «Бишкекжарык» муниципалдык ишканаларынын жана «Бишкек аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин» кызматкерлеринин эмгек акысын аткарылган иштердин көлөмүн жана алардын жоопкерчилик деңгээлин эске алуу менен 20% көтөрүүнү тапшырды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында муниципалитеттин башчысы атайын техниканы эффективдүү пайдалануу жана ар бир жергиликтүү аймактык бирдиктерге, анын ичинде ААРдин алкагында борборго кошулган жаңы айылдарга да бөлүштүрүү милдетин койду.