Улуу Британияда сезондук иштөө үчүн 75 миңден ашык кыргызстандык арыз берген
Улуу Британияда сезондук жумушка орношуу боюнча акыркы каттоого Кыргызстандын 75 миңден ашуун жараны катышкан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Мээрим Беккожоева «Биринчи радиодогу» «Кыргызстан» маалыматтык-аналитикалык программасынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, сөз Улуу Британиянын өкмөтү бекиткен операторлор аркылуу ишке орношуу жүргүзүлгөн убактылуу сезондук жумуш тууралуу болуп жатат.
Каттоодон өткөндөн кийин операторлор белгиленген критерийлерге ылайык талапкерлерди өз алдынча тандап алышат. Кийинки этапта тестирлөө, андан соң маектешүү жүргүзүлөт.
Акыркы тандоонун жыйынтыгы менен Кыргызстандан 1 миң 596 талапкер маектешүүгө чакырылган. Маектешүү беш күндүн ичинде өткөн.
Эфир учурунда акыркы жыйынтыктар азырынча белгисиз болгон. Беккожоева белгилегендей, акыркы чечимди оператор өз алдынча кабыл алат. Тандоодон өткөнү же өтпөгөнү тууралуу билдирүү талапкерлердин электрондук дарегине эки-үч жуманын ичинде жөнөтүлөт.
Борбордон ошондой эле Улуу Британияда сезондук иштөө боюнча расмий программага катталуу, маектешүүдөн өтүү жана жумушка орношуу акысыз жүргүзүлөрүн эскертишти.
Улуу Британиядагы сезондук жумуш алты айга чейин созулат жана негизинен айыл чарба тармагына байланыштуу.
