Бишкектеги "Алтын күз" айыл чарба жарманкесине 30 миңдей адам катышты
22 октябрь

Бишкектеги "Алтын күз" айыл чарба жарманкесине 30 миңдей адам катышты

КРнын айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган “Алтын күз” жарманкесине жалпысынан 200гө жакын айыл чарба продукцияларын өндүргөн ири ишканалар, дыйкандар, ассоциациялар, кластердик бирикмелер, дыйкан чарбалар жана кол өнөрчүлөр катышты.

Ошондой эле, “Тойбос”, “Аталык”, “Аква Пром”, “Белая Река” , “Алайкуу органикс”, “Абдыш-Ата” сыяктуу ири компаниялар азыктарын жарманкеге алып чыкты.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, “Алтын күз” жарманкесине болжол менен 25-30 миң киши катышты. Анда шаар тургундары өздөрүнө керектелүүчү бардык органикалык азыктарды сатып алуусуна шарт түзүлдү.

Иш-чарадагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын тизмеси:

Эт азыктары (кой, уй, жылкы, топоздун эти) 500-600 сомдон сатылып жатты.

  • Картөшкө - 16-17 сом
  • Пияз - 18-20 сом
  • Жумуртка - 9,5 -10 сом
  • Күрүч - 220-230сом
  • Алма - 30-40 сом
  • Сабиз - 30 сом
  • Кумшекер - 73-74 сом
  • Ун -1500 сом 50 кг.