Кыргызстанда бир жумада 22,4 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 28апрелден 4-майга чейинки аралыкта алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 493 жол эрежесин бузуу фактылары катталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 831 ;
- Мас абалында унаа башкаруу - 368;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 7;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 362;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 719;
- Автоээнбаштык - 30;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 231;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 1 3939;
Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 890 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
