Кыргызстандыктар «Түндүк» аркылуу кимдер өздөрүнүн жеке маалыматтарына киргенин көрө алышат
Кыргызстанда жеке маалыматтарды иштетүүнүн көзөмөлдөнүшүн камсыз кылган мамлекеттик сервисти түзүү пландалууда. Ал «Түндүк» мобилдик тиркемесине интеграцияланат.
Мындай чара 2026–2030-жылдарга жеке маалыматтарды коргоону өнүктүрүү стратегиясынын долбоорунда жана аны ишке ашыруу боюнча Жол картасында каралган.
Документке ылайык, сервис 2026-жылдын IV кварталына чейин ишке киргизилиши керек.
Жарандар өздөрүнүн жеке маалыматтарына ким кайрылганын, бул качан болгонун, кандай максатта жана кайсы негизде кайрылуу жасалганын көрө алышат.
Мындан тышкары, «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу түздөн-түз арыз-даттануу жөнөтүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Өзгөчө учур катары укук коргоо, сот жана улуттук коопсуздук органдарынын мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынын алкагында жасаган суроо-талаптары каралган.
