Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган 52 миң адамга 138 гана психиатр туура келет
Бүгүн, 28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиеванын демилгеси менен психикалык оорулардан жабыркаган адамдарды эсепке алуу, көзөмөлдөө жана дарылоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле бул багыттагы реформалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы угулуп, эске алынды.
Жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев 2026-жылдын башына карата республикада психикалык бузулуулары бар 52 миңден ашык адам каттоодо турарын, ал эми психиатр дарыгерлердин жалпы саны 138ди түзөрүн маалымдап: «Учурда психиатриялык кызматта кадрлардын жетишсиздиги байкалууда, дарыгерлерге түшкөн жүк да жогору», - деди.
Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева бул маселе боюнча протоколдук тапшырма берүүнүн негизги себеби эл аралык практикада колдонулган бейтап стационардан чыккандан кийин аны көзөмөлдөөнү камсыз кылган системанын жоктугу экенин белгилеп: «Мындай көзөмөлдү уюштуруу боюнча сунуштар көп жылдан бери айтылып келе жатат, бирок иш жүзүндө тиешелүү система түзүлө элек», – деген эл өкүлү кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыкчам чараларды көрүп, бул багытта атайын реестр түзүү керектигин айтты.
Ал эми депутат Жайлообай Нышанов психиатр адистерин даярдоо жана аймактарды психиатр дарыгерлер менен камсыз кылуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканына кызыкты. Буга Нурбек Букуев Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту менен биргеликте иш алып барылып жатканын айтып, психиатриялык кызмат үчүн дарыгерлерди гана эмес, медайымдарды да даярдоо тапшырмасы берилгенин кошумчалады.
Өз кезегинде депутат Гүлнара Баатырова Республикалык психиатрия жана наркология борборунда бейтаптарды кабыл алуунун жана биринчи баскычтагы медициналык жардамдын ишин уюштуруунун нормативдик моделинин жоктугуна байланыштуу маселени ортого салды. Эл өкүлү Жылдыз Эгенбердиева да кадр саясатын ишке ашыруу, эң көп талап кылынган адистиктер боюнча мамлекеттик заказды түзүү маселесин көтөрсө, депутат Эдита Тайгараева психикалык оорулар менен жабыркаган адамдарды дары-дармек менен камсыз кылуу маселесине көңүл буруп, алдын алуу иш-чараларын күчөтүүгө чакырды. Депутат Улукбек Карыбек уулу психиатриялык кызматты, анын ичинен стационардык жардам көрсөтүүнү каржылоо маселеси тууралуу сөз кылды.
Муну менен катар жыйында «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Жогорку Кенештин депутаттары Гульнара Акимбаева, Равшанбек Рысбаев, Гүлнара Баатырова, Талайбек Масабиров тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылуунун мыйзамдык механизми катары бекитүү максатында иштелип чыккан.
