Кыргызстан менен TİKA маданият тармагындагы жаңы долбоорлорду талкуулашты
Маданият министрлиги
28 сентябрь

Кыргызстан менен TİKA маданият тармагындагы жаңы долбоорлорду талкуулашты

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттигинин (TİKA) төрагасы Абдуллах Эрен менен жолукту.

Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 28-сентябрда өттү. 

Жолугушууда кыргыз-түрк маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Тараптар TİKAнын колдоосу менен Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда улуу ойчул, тилчи жана окумуштуу Махмуд Кашгаринин «Дивану Лугат ат-Түрк» эмгегине арналган туруктуу экспозициянын түзүлүшүн белгилешти. Экспозиция кыргыз жана түрк элдеринин тарыхый-маданий байланыштарын чагылдырган маанилүү долбоорлордун бири экени айтылды.

Мирбек Мамбеталиев маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу багытындагы биргелешкен демилгелердин маанисине токтолуп, TİKAнын Кыргызстандагы маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана реставрация иштерин жүргүзүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле тарыхый-маданий объекттерди жана музейлерди модернизациялоо, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде Абдуллах Эрен Кыргызстан TİKAнын маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, эки өлкөнүн достук байланыштарын бекемдөөгө багытталган маданий жана агартуучулук долбоорлорду мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.