Барпы атындагы театр Өзбекстандын Ханабад шаарында «Он экинчи күн» спектаклин тартуулайт
Маданият министрлиги
28 сентябрь

Барпы атындагы театр Өзбекстандын Ханабад шаарында «Он экинчи күн» спектаклин тартуулайт

2026-жылдын 29-сентябрында Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры Өзбекстан Республикасынын Ханабад шаарына чыгармачылык иш сапар менен барат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Иш сапардын алкагында кыргыз-өзбек маданий байланыштарын чыңдоо, театрлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана коңшу элдердин достук мамилелерин бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиевдин «Он экинчи күн» спектакли тартууланат.

Спектаклди Кыргыз Республикасынын эл артисти Бакыт Жумалиев сахналаштырган. Сүрөтчүсү — Маданияттын мыкты кызматкери Чинара Чотурова.

Башкы ролдорду Бакыт Мойдунов, Гулипар Гаипова, Руслан Исмаилов, Уулкан Галдыбай кызы жана Шахрезада Шактыбекова аткарышат.

Жарык берүүчү — Нурбек Мамадалиев, үн оператору — Талант Нурумбетов.

Чыгармачылык сапар Кыргызстан менен Өзбекстандын театр өнөрү жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн маданий байланыштарын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган.