Чет өлкөлүк туристтер үчүн Жогорку Кеңеште аптасына бир жолу тааныштыруу саякаттары уюштурулат
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин имаратын кыдыруу учурунда чет өлкөлүк туристтер үчүн Жогорку Кеңешке туруктуу тааныштыруу сапарларын уюштуруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Тагыраагы төрага акыркы жылдары чет өлкөлүк жарандардын кыргыз парламентинин ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусу артып, Жогорку Кеңештин иши менен таанышуу өтүнүчтөрү көбөйүп жатканын белгиледи.
Ага ылайык, аптасына бир жолу белгиленген тартипте уюштурула турган экскурсиялык программанын алкагында туристтерге музейге жана жыйындар залдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү пландалууда.
Экскурсиялык сапарларды уюштуруу Жогорку Кеңештин ачык-айкындуулугун арттырууга өбөлгө түзүп, чет өлкөлүк конокторго Кыргыз Республикасынын негизги мамлекеттик бийлик органынын бири болгон парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, атайын сувенирдик бурч уюштурулуп, меймандар андан парламенттин сувенирдик продукцияларын сатып ала алышат.
Муну менен катар Төрага Жогорку Кеңештин имараты өзгөчө статуска жана стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, тааныштыруу сапарларын уюштурууда коопсуздуктун белгиленген талаптарын жана парламенттин аймагында жүрүү тартибин так сактоо зарылдыгын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын жарандары белгиленген талаптарды жана кирүү тартибин сактоо менен жуманын беш жумушчу күнүндө тең кире алышат.
